Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан өкмөтү менен Сауд Арабиянын өкмөтү ортосундагы Сауд Араб элчилигинин имаратын Кыргызстанда куруу үчүн жер тилкесин берүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туурасында” мыйзам долбоору каралды. Бул маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов баяндама жасады.
Мыйзам долбооруна ылайык, Сауд Арабия кыргыз тарапка Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык кварталынан 49 жылга пролонгация шарты менен 6340 чарчы метр жер тилкесин, ал эми Кыргызстан Сауд Арабия тарапка Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиндеги жерлерден 49 жылга пролонгация шарты менен 20 000 чарчы метр жер тилкесин берет. Бешимовдун айтымында, сауд арабиялык тарап кайтарымсыз негизде 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам бөлүүгө даярдыгын билдиришкенин айтты. “Бул каражат Эр-Рияд шаарына Кыргызстандын элчилигин курууга жумшалат”,- деди ал.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.