Экс-мэр Иса Өмүркулов: “Мага карата айтылып жаткан айыптоолор далилденген жок"

Бүгүнкү болгон сот отурумунда Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркулов акыркы сөзүн сүйлөп жатып “Сот отурумдарында мага карата айтылып жаткан айыптоолор далилденген жок. Андыктан сот объективдүү, туура чечим чыгарып берет деген ойдомун” деди. 

Анын айтымында, ал тараптан эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес жана ал өз кезегинде өзүн күнөөсүз деп эсептээрин билдирди.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө. 

Буга чейинки болгон сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Иса Өмүркуловду үй-мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик муниципалдык кызматтарда 3 жылга чейин иштебөө чеги менен 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Буга катар эле мамлекеттик айыптоочу айыпталуучулар Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов, Өмүркуловду сот залынан камакка алып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда камак күнүнөн тарта жаза өтөө убактысын эсепке алып баштоону өтүнгөн.

 

Экс-мэр Иса Өмүркулов сотто акыркы сөзүн сүйлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан