Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Бирок көпчүлүк депутаттар “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгышты.
Демилгечилердин бири депутат Дамира Ниязалиева бул мыйзам долбоорун кабыл алуу учур талабы экенин айтты. “Элибизге керектүү мыйзам, эч кандай саясат жасабаңыздар. Канча тегерек столдор болду, баары колдоп жатышат”,- деди ал.
Төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбооруна каршы чыкты. “Бул мыйзам долбоору таптакыр биздин менталитетке туура келбейт. Каршы добуш берүүгө чакырам”,- деди.
Кесиптешинин бул каршылыгын башка депутаттар да колдоого алышууда.