Иса Өмүркуловдун сот иши боюнча чечим 25-июнда чыгат

Иса Өмүркуловдун сот иши боюнча чечим 25-июнда чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда өткөн сот отурумунда сот ишине төрагалык кылып жаткан Октябрь райондук сотунун судьясы Жамиля Сабитова билдирди.

Сот отурумунда экс-мэр Иса Өмүркулов жана башка соттолуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экендиктерин жана адилет чечим күтүшөрүн айтышты.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, АбдыкаровКадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан