Кыргызстанда сапатсыз дарыларды саткандардын жоопкерчилигин күчөтүү демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында сапатсыз дары-дармектерди сатуу жана дарылык азык-түлүк кошулмаларынын сапатына көзөмөл кылуу жүрүмүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү милдети турат. Сапатсыз дары-дармектерди сатуу эрежелерин бузган жеке жактарга 2 миңден 5 миң сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миңден 10 миң сомго чейин административдик айып салуу чарасы каралууда.

“Азыр салына турган айыптын эң жогорку өлчөмү миң сом. Ошондуктан аны катаалдаштыруу зарылчылыгы келип чыкты”,- деди Ниязалиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан