Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоору жарандардын репродуктивдик укуктары жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттин ошол укуктарды ишке ашыруу боюнча кепилдиктерин аныктайт. Ага “бойго жетпеген”, “медициналык кийлигишүү”, “сексуалдык укуктар”, “сексуалдык ден соолук”, “сексуалдуулук”, “сексуалдык билим алуу”, “жыныстык клеткалар”, “карын энелик”, “карын энелик туурасында келишим” жана башка жаңы түшүнүктөр кирген.
Депутат Дамира Ниязалиева өспүрүм балдар жыныстык катнаштын жыйынтыктары, кесепеттери боюнча маалыматы жоктугунан ар кандай ыплас иштерди жаратып жатышканын белгиледи.
Талкууда депутаттар эл аралык стандарттагы адамдын жалпы укуктарын аныктоодо улуттук менталитетти эске алуу керектигин айтышты. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорунда эл аралык эрежелерге таянып, Баш мыйзамга каршы келип жаткан жагдайлар бар экенин билдирди. Депутат Турсунбай Бакир уулу мыйзам долбоору менен жаштарды батыштын ыплас иштерине түртүү болуп жатканын айтты.
Талкуудан соң аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.