Бүткүл дүйнөлүк банкы кыргыз өкмөтүндөгү реформаларды колдоп, бюджетке 25 миллион доллар бөлүп берери айтылды

Бүгүн, 18-июнда КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Борбор Азия боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Сарож Кумар Жа баш болгон делегация менен жолугушту.  

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда "Саясатты өнүктүрүүнү колдоо" программасынын алкагында 25 миллион доллар бөлүүнү талкуулаган Директорлор кеңешине ыраазычылыгын билдирди. Каражат мамлекеттик башкарууну жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталат. 

Өз кезегинде Сарож Кумар Жа кыргыз өкмөт башчысына Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан