Жоомарт Оторбаев: "Бажы биримдигине кирүү алдындагы жол картаны иштеп чыгуу боюнча аракеттерди тездетебиз"

Бүгүн, 18-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында КРнын Бажы биримдигине кириши жана бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда өкмөт башчы Бажы биримдигине кирүү алдындагы жол картаны иштеп чыгуу боюнча аракеттерди тездетебиз деген пикирин билдирди.

Жоомарт Оторбаев буга чейин Кырызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча кабыл алынган токтомдор жол картаны иштеп чыгуу процессин тездетүүгө багытталганын баса белгилеп өттү. Ошондой эле тийиштүү нормативдик актыларды иштеп чыгуу чаралары тез арада ишке кириши керектигин айтты.

Отурумдун жүрүшүндө Бажы биримдигине кирер алдындагы Кыргызстандын экономикасынын биримдиктеги экономикага ыңгайлашуусу үчүн түзүлө турган Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тууралуу сөз болду.

Мындан сырткары жол картанын бөлүмдөрүнө жараша 14 жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан