Өзбекстан Борбор Азиядагы энергетикалык шакектен чыгуу боюнча эч кандай билдирүү жасаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Кыргызстандын Улуттук "Электр тармактары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин жетекчилиги 16-18-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөн Борбор Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин жана кеңештин комиссиясынын отурумуна катышкан. “Бул иш-чара бир жылда эки жолу өтөт. Ага төрт мамлекеттин өкүлчүлүктөрү катышат: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан. Ушул отурум Борбор Азиянын жалпы энергетикалык системи үчүн абдан маанилүү жана тиешелүү мекемелердин министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт” деп айтылат билдирүүдө.
“Иш-чарада Кыргызстандын Улуттук "Электр тармактары" ишканасынын башкы башчысы Медетбек Айткулов “Өзбекэнерго” ишканасынын башчысынын орун басары Рузикул Раимов менен сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап энергетикалык шакектен чыгуу боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок”,- деп билдиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, жакында айрым жергиликтүү ММКлар Кыргызстандын жетекчилигиндеги өздүк булактарына шилтеме берүү менен “Өзбекстан Кыргызстандын өкмөтүнө энергетикалык шакекчеден чыгуу боюнча билдирүү жасады” деп жарыялашкан эле.