Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков тарабынан демилгеленген "Кызмат адамдарынын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө" жана "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Муну 19-июнда ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Парламенттик угууда мамлекеттик кызматта турган жарандардын мүлктүк укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары активдерге ээ болууга тыюу салууга байланышкан түзөтүүлөр боюнча талкуу болот. Ага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат.