Жогорку Кеңеште жаңыдан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын долбоору 18-июнда каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы коррупциялык жосундарга бөгөт коюу максатында электрондук систем киргизүү сунушталууда. Бул тендер жүргүзүү жаатындагы коомдук көзөмөлдү күчөтөт. Таза эмес иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактардын маалымат базасы да түзүлмөкчү.
Андан сырткары буга чейин сатып алуучу уюмдар, ыйгарым укуктуу орган, сот органы сындуу даттануулардын үч баскычы иштеп келген. Жаңы мыйзам долбоорунда анын эки баскычы – мекемелер аралык комиссия менен сот гана калтырылууда. Анткени сатып алуучу уюмдарга ишеним кыйла азайганы айтылды.