"Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 18-июнда Жогорку Кеңеште 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоору менен аракеттеги мыйзамга адамга жашаган чөйрөнүн зыяндуу таасирин жоюу же азайтуу, инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын келип чыгышын жана таралышын четтетүү боюнча чаралардын жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилигин камсыз кылуучу иш-чаралардын комплексин аныктоо, анын ичинде өкмөт бекиткен техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө жагына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карайт. 

Демилгечилердин билдиришинче, мыйзам долбоорунда өндүрүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адамдын ден соолугу үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча шайкештигин же шайкеш эместигин белгилөө жана ишкердик субъекттери тарабынан жоопкерчиликти жогорулатуу максатында санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүүнү мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемдөө каралган.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан