Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 18-июнда АКШ президентинин атайын жардамчысы, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Евразия бөлүмүнүн улук директору Селест Уолландер менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен АКШнын коопсуздук тармагындагы мындан кийинки кызматташтыгы талкууланганын өкмөттөн билдиришти. Вице-премьер өлкөнүн укук коргоо органдарына көрсөткөн материалдык-техникалык жардамы үчүн АКШга ыраазычылык билдирди.
Уолландер Кыргызстанга иш сапары менен келүүдөгү башкы максаты "Манастагы" АКШнын базасы жабылгандан кийинки эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы жолун аныктоо экенин билдирди.