Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында өкмөт сунуштаган “Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөчө статус берилген чек ара аймактарындагы кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга сатууга тыюу салынат. Бул катмарга чет өлкөдөн көчүп келген кайрылмандар кирбейт. Кыргыз жарандары өз мүлкүн кыргыз жарандарына гана сата алат.
Мыйзам долбооруна бүгүн, 19-июнда добуш берилмекчи.