Кыргызстанда эми айымдарды сойкулукка тарткандар 8 жылга чейин эркинен ажыратылат

Кыргызстанда эми айымдарды сойкулукка тарткандар 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Тийиштүү мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 19-июнда президенттик аппараттан билдиришти. Эскерте кетсек, мыйзамды парламент 21-майда кабыл алып, ага 80ден ашык депутат "макул" деп добуш берген.

Мыйзамга ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан