Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштоодо. Мыйзам долбоорундагы жаңы түшүнүктөрдүн бири - “сексуалдык билим алуу”. Ага ылайык, атайын программа иштелип чыгып, жыныстык маселелер мектептерде окутула баштайт. Ниязалиева мыйзам долбоорун айрым кесиптештери туура эмес түшүнүп жатканын айтат.
“Айрым депутаттар муну туура эмес жакка бурмалап, “сексуалдык билим берүү болсо, демек, ошого карата механизмдерди үйрөтөт турбайбы” деп жатышат. Андай эмес, бул - гигиена, тазалык, ар кандай оорулардын алдын алуу. Азыркы учурда жаштар жыныстык жактан кеңеш алууга эч кимди таппай жатышат, аларга адистер тарбия берсе жакшы болот. Мыйзамды "ислам динине, менталитетке туура келбейт" деп жатышпайбы. “Исламдагы үй-бүлөнү пландаштыруу” деген китеп бар экен, окуп чыктым. "Исламда жыныстык билим берүүгө болбойт" деген туура эмес, тескерисинче, исламда "сексуалдык билим алуу өтө керек" деп айтылууда. Албетте, мектепте окутууда балдар менен кыздарды өзүнчө бөлүш керек. Бул мыйзам мусулмандарга гана эмес, жалпы жарандар үчүн сунушталууда”,- дейт Ниязалиева.
Мыйзам долбоору учурда парламенттин талкуусунда.
Айта кетсек, демилгеге өз учурунда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров каршы чыгып, "Азыр 21-кылымда жашап жатабыз. Кудай жыныстык карым-катнашты ар бир пенденин жүрөгүнө сезим менен киргизип койгон. Муну окутуунун зарылчылыгы жок. Музоо жаңы туулганда эле уйдун эмчегин издеп таап алат, ушундай эле нерсе. Балдарга бойго жете электе жыныстык билим берүү аларды ошол ишке тартуу болуп саналат" деп айткан эле.