Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү бүгүн Баткенде чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү бүгүн Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт. Муну бүгүн, 19-июнда өкмөттөн билдиришти. Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тажик делегациясын коңшу өлкөнүн вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектейт. Тараптар Кулунду - Максат жолун, 2 көпүрөнү куруу боюнча эки өлкө ортосундагы макулдашуунун долбоорун талкуулашат. Өкмөт өкүлдөрү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолу курулуп жаткан аймакка да барышмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан