Мурда оор кылмыш кылгандардын депутаттыкка жана президенттикке талапкер болушуна тыюу салынмакчы

Жогорку Кеңеште айрым талапкерлердин шайлоого катышуусуна чектөө коюу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору менен соттолгондугу жоюлган же алып салынганына карабай жана башка өлкөнүн жарандыгы бар, оор жана өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар адамдардын президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, шаарлардын мэрине, айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланууга жана райондун акимдигине дайындалуусуна тыюу салынат. 

Талкууда депутаттар мыйзам долбоорунда уюшулган кылмыштуу топтордүн мүчөлөрүнө карата да ушундай эле чектөөлөрдү коюуну сунушташты. Бирок депутат Дастан Жумабеков мындай чарага каршы. Айтымында, айрым жарандарга кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн атайлап каралоо болуп калышы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан