Түркиянын экс-президенти Кенан Эврен өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркиянын мурдагы президенти (сүрөттө) Кенан Эврен жана өлкөнүн 89 жаштагы генералы Тахсин Шахин өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда чет элдик ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, 96 жаштагы Эврен жана Шахин "1980-жылдын 12-сентябрында мамлекеттик түзүлүштү бузган" деп айыпталышты. Алар сотто мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганын моюнга алышты. 

Эврен жана Шахин учурда ооруканада дарыланып жатканы айтылды.

1980-жылдагы мамлекеттик бурулуштан кийин Эврен өлкөнүн президенти болуп шайланганга жетишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан