Бүгүн, 19-июнда Украинанын Луцк шаарынын борборунда активисттер Орусиянын президенти
Путиндин кейпин жасап, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ача жыгачка костюм кийгизүү менен Путиндин кейпин жасашкан. Андан соң анын костюмунун бир чөнтөгүнө арак, ал эми экинчи чөнтөгүнө "Өлүмдөн кийинки жашоо" деген китепчени салып коюшкан. Жанына болсо өлгөндө коюлуучу гүлчамбарларды коюшкан.
"Мен "Путлердин" чөнтөгүнө атайын "Өлүмдөн кийинки жашоо" деген китепти салып койдум. Анткени ал бул китепти окуп чыгышы керек, тиги дүйнөдө эмне болорун билип алсын",- дейт коомдук активист Андрей Мошковский.
Активисттердин айтымында, Путиндин бул кейпи 40 күн турат. Андан соң өрттөлөт. Ага чейин шаардын тургундары ага чириген жашылча-мөмөлөрдү алып келип, жанына коюп кетишет.