Жамал Жусупова Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 19-июнда президенттик аппараттан билдиришти. Жусупова өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү чечкени жана жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирери айтылды.