Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, "КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалат:
"Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продукциянын өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга КРнын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат".
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.