“Кыргызстанда иш жүргүзүү бир топ кыйынчылыктар менен башталып, бүгүнкү күнү жеңилирээк болууда”,- деди бүгүн, 19-июнда тегерек столдун жүрүшүндө “Казахмыс Голд Кыргызстан” ишканасынын башчысы Ильяс Тулекеев.
Анын айтымында, башында жергиликтүү тургундар менен тил табышуу оор болгон. “Мындан тышкары тил маселеси, иштей алган жарандардын чет өлкөлөргө кеткендиги да бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Бирок буга карабастан, биз ишти жүргүзө бердик. Ошентип, акыркы 5 жыл ичинде иш-аракеттерибиз жемиштүү болду. Маселен, айылдардын бир нече тургунун жумуш менен камсыздап, бир топ мекемелерди салдык. Келечекте да ушундай иштерди жүргүзүүнү пландап жатабыз”,- деди ал.