Бүгүн, 19-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын эли менен жолугушту.
Өлкө башчы шаар тургандарына мамлекет шаарда газы жок отургандарды редукторлор жана газ баллондор менен камсыз кылуу жоопкерчилигин мойнуна аларын айтты. Президент ошондой эле шаардыктардын эң олуттуу көйгөйлөрү чечиле турганын айтып, жаратылыш газынан суюлтулган газга которууга жана ичүүчү суу көйгөйүн чечүүгө бюджетте акча каралгандыгын белгиледи.