Эльвира Сариева мамлекеттин эсебинен билим алгандар аймактарда 2 жыл иштеп бериши керектигин айтты

Бүгүн, 19-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева бюджеттик негизде билим алган жаш адистер жөнөтүлгөн жакка баруудан баш тартканда окууга төлөмдөрүн төлөө жөнүндө өкмөттүн токтомунун долбоорун талкуулаган жыйынга катышты. Ага саламаттыкты сактоо, билим берүү, юстиция жана өкмөттүк аппараттын бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева аталган токтомдун маанилүүлүгүн белгилеп: "Кыргызстанда, өзгөчө аймактардагы саламаттыкты сактоо тармагына 2000 адис керек. Облустук же райондук ооруканаларга барганда дайыма башкы дарыгерлер адистердин жетишсиздигин айтып келишет. Медициналык окуу жайларында бюджеттик негизде билим алгандар багыт берилген жерде 2 жылдай иштеп бериши керек. Бирок айрымдары мамлекеттин эсебинен окуп, иштегенден баш тартышат",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан