Вице-премьер-министр Валерий Диль 19-июнда Москвада "Роснано" ишканасынын башчысы Анатолий Чубайс менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Тараптар кыргыз өкмөтү, "Роснано" жана Орусиянын инфраструктуралык жана билим берүү фондунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга жана нанотехнологиялар тармагындагы келечектүү долбоорлорду каржылай турган фонд түзүү боюнча макулдашууга кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.