Бүгүн, 20-июнда “Кудайберген” базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын өткөрүшөт. Алар базардагы соода орундарына ижара акынын кымбатташына нааразылык билдиришмекчи.
Маалыматка таянсак, базардын ээси Эльвира Сурабалдиева соода орундарына баа акыркы ирет 2009-жылы көтөрүлгөнүн айтып, ижара акысын жогорулатууну чечкен.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери "Кудайберген" базарынын сатуучулары ижара акысынын жогорулашына каршы экендиктерин билдирип, улам митингге чыгып келишет.