Кыргызстанда нан унун байытуу (витаминдештирүү) боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Дамира Ниязалиева сунуштап жатат. Мыйзам долбоору учурда парламенттин талкуусунда.
Демилгечинин айтымында, ЖК тарабынан 1-окууда кабыл алынган аталган мыйзам долбоору республиканын бардык ун ишканаларын унду этап-этабы менен байытууга милдеттендирет. Муну менен Кыргызстандын бүтүндөй калкынын ден соолугуна кам көрүлөрү айтылды.
"Жалпы калктын байытылган унга кеңири жетишин камсыз кылуу үчүн унду милдеттүү түрдө байытуу зарыл. Импорттолуп жаткан ундардын байытылган-байытылбаганын текшерүү жыйынтыктарына жетишүү керек. Унду байытуу ишинде өндүрүшчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы мыйзам долбоорунда бекемделип жатат",- дейт 19-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде депутат Дамира Ниязалиева.