КСДП фракциясы малды паспорттоштуруу мыйзамынын датасын узартуу сунушун колдоду

Парламенттеги КСДП фракциясы бүгүн, 20-июндагы жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамдын күчүнө кирүү датасын узартуу сунушун колдоду. Демилгечилердин айтымында, жаныбарларды идентификациялоону жүргүзүү боюнча каржы булагы кыргыз өкмөтү менен Польшанын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында аныкталган. Польша өкмөтү Кыргызстандын айыл чарба секторундагы долбоорлорду жана айыл аймактарын өнүктүрүүнү каржылоого 40 миллион евро насыя берет.

Сунушталган долбоор аркылуу бодо малга үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1- октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан