Жубайы менен эки кызы күбө болгон аземде жаңы падыша экономикалык жана конституциялык каатчылыкты баштан кечирген өлкөнү биримдикке үндөп, өлкөнүн Конституциясын коргоого ант берди.
Андан соң падыша менен анын жубайы Летиция Мадриддин көчөлөрүн аралап өтүп, падыша сарайынын балконуна чыгып, салтка ылайык элге көрүнүштү.
Фелипе Астурийский 1968-жылы 30-январда Мадрид шаарында жарыкка келген. Орто мектепти аяктаган соң экономика, юриспруденция, эл аралык мамилелер боюнча билим алган. 2003-жылы журналист Летиция Ортис Рокасоланого үйлөнүп, учурда бул үй-бүлө эки кызды тарбиялап келет.
Кошумчалай кетсек, Фелипе Астурийскийдин атасы, падыша Хуан Карлос диктатор Франсиско Франко 1975-жылы дүйнөдөн өткөндөн кийин Испаниянын демократияга өтүшүндө маанилүү роль ойногон.