Алмазбек Атамбаев Аксыдагы Иринжит каналын ишке берүү аземине катышты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Аксыдагы Иринжит каналын ишке берүү аземине катышты. Муну аталган райондук акимчиликтен билдиришти. Президент бул каналдын курулушу 2007-жылы башталганын, мындан ары миң гектар жер суулуу талаага айланарын белгиледи. 
Былтыр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында президент аталган каналдын курулушу менен таанышып чыккан. Айта кетсек, Иринжит каналы Беш-Батман суу чарбачылыгына кирет, каналдын жалпы узундугу - 7 чакырым 620 метр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан