Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түштүгүнө газ берүү боюнча Өзбекстандын талаптарын атады. Президенттин билдиришинче, коңшу өлкөнүн талабын Кыргызстан аткарбайт. "Алар биздин Чоң-Алай аркылуу өтчү Түркмөнстан - Кыргызстан - Кытай газ түтүгүнө биздин кошулбашыбызды талап кылууда. Бирок биз бул талапты аткара албайбыз. Алардын газ берүү ою жок",- деди өлкө башчы.
Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга жалдырабай турганын айткан президент: "Газпромдон" бул кырдаалдан чыгуунун бир жолун табууну сурадым. Орусиялык компания Казакстандан Талас облусу аркылуу өлкө түштүгүнө газ түтүгүн тартууну пландап жатат",- деп билдирди.
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Аксы районуна барды.