Иш-чаранын күбөсү: "Алмазбек Атамбаев Аксыдан качып кеткен жок, коштошуп эле кетти"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Аксыда эл менен жолугушуунун аягында качкан жок, шашпай коштошуп эле кетиптир. Муну 20-июнда SUPER.KG порталына аталган райондун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Батыркул Шабданов билдирди. "Иринжит каналынын ачылышына мен да катыштым, президент чогулгандарга өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча пикирин айтты. Аягында коштошуп, жылуу маанайда кетти",- деп билдирди. 
Интернет айдыңында "Алмазбек Атамбаев Аксыда чогулгандардын нааразычылыгынан кийин качып кетти" деген маалымат тарап кеткен эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан