Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков баштаган кыргыз делегациясы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 38-сессиясына катышууда. Иш-чара Катардын борбору Доха шаарында өтүп жатат. Буга чейин ЮНЕСКОнун кароосуна Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунун тутумунда жаткан байыркы шаарлар Суяб, Баласагын, Невакет сунушталган. Булар боюнча ЮНЕСКО талап кылган бардык тиешелүү документтер, тарыхый маалыматтар, археологиялык табылгалар боюнча илимий иштердин жыйынтыктары тапшырылган.
Комитеттин бул жолку сессиясында Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ болгон мына ушул тарыхый шаарларды каттоо боюнча маселенин каралышы күтүлүүдө.
Карганбек Самаков ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушуп, маданий мурастарды каттатуу, аларды сактоо жана коргоого алуу, башкы директордун Кыргызстанга боло турган иш сапары тууралуу пикир алышты.