Жоомарт Оторбаев Тышкы иштер министрлигинин эксперти Данияр Саякбаевди өкмөттүн атынан сыйлады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин экинчи катчысы Данияр Саякбаевге өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды. Грамота аталган кызматкердин мамлекетке өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн берилиптир. "Саякбаев Данияр мыкты юрист, жакшы адам, жаш болсо да өз ишин билет. Анын экспертизасы биздин мамлекетке керек. Ал энергетика жана суу ресурстары маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен биздин өлкөнүн кызыкчылыгын жогорку деңгээлде жактоодо",- деди Оторбаев.  

Айта кетсек, Данияр Саякбаев Кыргызстандын экспорттук көзөмөл, тышкы миграция тармагы боюнча укуктук-нормативдик актыларга жана эл аралык келишимдерге юридикалык экспертиза жүргүзүү менен алектенет. Суу-энергетикалык кызматташтык боюнча Кыргызстандын позициясын иштеп чыгууга жана бекитүүгө активдүү катышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан