Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстанда коомдук үрөн фонддорун түзүүнү колдоду

Бүгүн, 23-июнда парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин берген маалыматына ылайык, учурда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан айыл чарба тармагына 2 миллион 800 миң доллар бөлүнгөн. Ал 100 пайызга гранттык негизде бөлүнүүдө. Каражат Кыргызстанда коомдук үрөн жана жардамдашуу фонддорун түзүүгө колдонулат.

Жыйында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдошту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан