Депутат Карганбек Самаков Катардагы кыргыз мигранттары менен жолугушту

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин жыйынына катышуу үчүн барган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков Доха шаарында иштеп-жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

“Жакшы иш издеп келген мекендештер Катарда да жыл санап көбөйүүдө. Негизинен жаштар эмгектенишет экен. Бир нече жылдан бери үй-бүлөсү менен жашап-иштеп жатышкандар да бар. Алардын айтканына караганда, акыркы 2-3 жылдын ичинде Катарга келген кыргызстандыктар тездик менен көбөйүп жатат. Алар мейманканаларда, аэропорттордо, телеком, мобилдик байланыш ишканаларында иштеп келишет. Айлыктары жаман эмес, өгөй баладай мамиле кылышпайт”,- деп белгилейт Карганбек Самаков.

Катардагы кыргыз жаштары менен баарлашкан депутат алар туш болуп жаткан айрым көйгөйлөр боюнча маалымат алып, аларга Борбордук Азиядагы алгачкы парламенттик өлкө катары алдыга кандай максаттар коюлуп жатканын, энергетикалык көз карандылыктан чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында айтып берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан