Парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 24-июндагы жыйынында классташынын өлүмүнө шектелген, "Салам, Нью-Йорк!" тасмасына тартылган Даниэль Буркановдун АКШга чыкканын прокуратура текшерип жатканы айтылды.
Депутаттар Ички иштер министрлигинин өкүлүнөн Маалыматтык-аналитикалык борбор бул боюнча эмне иш кылып жатканын сурады. “Адам өлтүрүүгө шектелген адам чек арадан чыгып, ал жакта окуп жана киного тартылып жүрөт. Маалыматтык-аналитикалык борбор эмне менен алектенип жатат жана соттолгон адам кандайча өлкөдөн чыгып кетти?”- дешти депутаттар.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери прокуратура органдары тарабынан учурда кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу маселеси каралып жатканын айтып, "ИИМдин да күнөөсү бар, анткени кээ бир материалдар жоголуп кеткен" деп билдиришти.
Эске салсак, парламенттин 29-майдагы жыйынында депутат Максат Сабиров "2006-жылы Бишкектеги мектептердин биринде Азим Чикеев деген баланы Даниэль Бурканов деген классташы бычак менен сайып өлтүргөнү коомчулукка тараган. Кылмышкер баланы психикалык ооруканадан "акыл-эси жайында эмес" деген маалым кат алуу менен каттатып, жазадан сууруп кетишкен. Ошол бала эми "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында көрүнүктүү ролду аткарып жүрөт. Мына биздин коомубуздун жүзү" деп айтып чыгып, бул боюнча массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынган эле.
Бул боюнча кененирээк маалымат бул жакта.