Жогорку Кеңеште 25-июнда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер билдиришкендей, бул мыйзам аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнгө салынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар мамлекеттик мекемелерде иштеген же окуган адамдар үчүн акы алуусуз көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, мамлекеттик жогорку окуу жайында окуган студенттер дипломду акысыз алат. Алган дипломун жоготсо, дипломдун көчүрмөсүн акы төлөө аркылуу алууга акылуу, бирок анын өлчөмү дипломду жасоо чыгымынан ашпоосу керек.