Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт сунуштаган "Суу кодексине өзгөртүү киргизүү" мыйзам долбооруна каршы чыкты. Депутат маселе боюнча баяндама жасаган экспертти сынга алды. Эксперт слайд-шоу аркылуу сөз сүйлөп, дүйнө боюнча ысык аба ырайы үстөмдүк кылып бара жатканын, мунун айынан мөңгүлөрдүн аянты азайып жатканын айткан эле.
"Мындай докладдын эмне кереги бар? Дүйнөдө глобалдык деңгээлде ысык аба ырайы катталып, муну менен мөңгүлөрдү сактап калуу маселеси көтөрүлүп жатканын баарыбыз эле билебиз. Бирок биздин өкмөт мөңгүлөрдү сактап калуунун ордуна аларды жок кыла турган мыйзам сунуштап жатат",- деди Сапарбаев.
Айта кетсек, сунушталган мыйзам долбоору боюнча "Кумтөрдө" мөңгүнү бир жерден экинчи жерге жылдырууга уруксат берилгени жатат. Өкмөт өкүлдөрү "эгер мыйзам кабыл алынбаса, "Кумтөрдө" иш токтошу мүмкүн" дешүүдө.
Мыйзам долбоорун өткөн аптада "Ата Мекен" фракциясы четке каккан.