Бүгүн, 25-июнда парламент түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды.
Түрк академиясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин астында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт. Аны илимий кеңеш башкарат. Илимий кеңештин жетекчиси 4 жылда бирден шайланат. Түрк академиясынын түзүлүшү менен көптөгөн илимий иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт. Академия Астана шаарында жайгашып, аны Казакстан каржылайт.