Эльвира Сариева "Кыргызстандагы мектептерде тамактануу" программасын жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 25-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева "Кыргызстандагы мектептерде тамактануу" программасын жакшыртуу боюнча ведомство аралык иштиктүү комиссиянын жыйынын өткөрдү.

"Окуучулардын тамактануусун жакшыртуу" программасы Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун "Дүйнөлүк тамак-аш" программасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Ал балдарга пайдалуу тамакты даярдоого мүмкүндүк бере турган заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздоодого көмөк көрсөтүп жатат. 

“Ар бир мектепте оңдоо, ашкана жабдуусун алуу, колдо болгон мүмкүндүктөрдү эске алуу менен тамактандыруунун мыкты үлгүсүн киргизүү сыяктуу көптөгөн иштерди аткаруу керек. Аталган иштерди БУУ "Дүйнөлүк тамак-аш" программасынын адистери гана эмес, биз дагы аткаруубуз зарыл. Мектептерге көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүн иликтөөгө ала турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да зор жоопкерчилик артылат”,- деди Эльвира Сариева.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева жыйын учурунда "Мектептик тамактануу" программасын толук кандуу ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштар иштелип чыгарына ишеним билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан