Аталган чечим Кыргыз Республикасынын калкына санариптик телеберүүгө өтүү алкагында социалдык пакетке, сыналгы жана үналгы каналдарына жеткиликтүүлүктү кепилдөө шартын камсыздоо максатында кабыл алынган.
Социалдык пакет теле жана радиоуюмдардын теле жана радиоканалдар пакети катары саналып, алардын тизмеси КРнын Өкмөтү тарабынан 3 жылда бир ирет бекитилет. Социалдык пакет калкка акысыз негизде жайылтылат.
Социалдык пакетти уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекитилген.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине үч айлык мөөнөттө социалдык пакет уюштуруп, тийиштүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү сунушталган. Ошондой эле Кыргызстанда санариптик телеге өтүү үчүн социалдык пакетке 15 телеканал киргизилерин билдирген.