Геология агенттигине кен казуу иштерине текшерүү жүргүзүү укугу кайра берилди

Геология жана минералдык ресурстар агенттигине кен казуу иштерине текшерүү жүргүзүү укугу кайра берилди. Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу токтом долбоору бүгүн, 25-июнда парламент жыйынында каралып, колдоого ээ болду. 

Маалыматка ылайык, кен иштетүүчүлөр тарабынан жаратылыш ресурстарынын ырааттуу пайдаланылышын эске алуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле кен байлыктардын тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан корголушун камсыздоо максатында жогоруда аталган токтом долбоору сунушталган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан