Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралды. Демилгечи депутат – Өмүрбек Текебаев. Сунушталган мыйзам долбоору партиялык тизме аркылуу парламентке депутат болуп шайлануу жол-жобосун өзгөртөт. Буга чейин депутат Текебаев: “Бул мыйзам шайлоо системин түп-тамырынан бери өзгөртпөйт. Мурункудай эле партиялык тизме менен шайлоо болот, 7 пайыздык босоголук баллды басып өткөн партиялар жеңишке жетет. Эң негизги өзгөртүү талапкерлерди парламентке депутат кылып бекитүүгө киргизилип жатат. Тактап айтканда, биз сунуштаган долбоордо республикалык жана аймактык тизме деп бөлүнөт. Аймактан жетиштүү добуш алган лидерлер гана депутат болушат.
Жарк этип чыккан жаш, мыкты жергиликтүү лидерлерге жол ачалы, мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз. Ал лидер партиянын авторитетинин арты менен эмес, элдин колдоосу, батасы менен парламентке депутат болуп келгидей шарт түзгөнү жатабыз. Жогорку Кеңеште мандат бөлүштүргөндө партиянын паровозу, авторитети тааныш эмес адамдарды парламентке сүйрөп кирип кетпеши керек”,- деген эле.
Мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.