Депутаттар КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевди отставкага кетирүүнү талап кылышууда

Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында депутаттар КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевди отставкага кетирүүнү талап кылышууда. Демилгени Исмаил Исаков көтөрүп чыкты. “Биринчи радиосунан берип жатат, "Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку башчысы Курманакун Матенов мамлекетке мынча зыян келтиргени үчүн Аскердик сот аны актады" деп. Бул эмне дегендик? Толук айтпайбы, эмне үчүн акталганын жана Башкы прокуратура негизсиз иш козгогонун... Тарыхта биринчи жолу адилет чечим чыкты деп сотторго рахмат айткандын ордуна аларды жамандап жатат. Бул түздөн-түз президент Атамбаевге каршы саясат болуп жатпайбы? Мен Кубат Оторбаевди бүгүнкү жыйынга чакырып, аны отставкага кетирүүнү талап кылам. Аны жоопкерчиликке тартыш керек”,- дейт депутат.

Маселе күн тартибине кирди, жыйынга Кубат Оторбаев келиши мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан