Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Султанов өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн айрым өкмөт мүчөлөрүн тартипке чакырып, депутаттарга жөнү жок асылганын токтотууну өтүндү. Айтымында, айрым министрлер өздөрүнүн күнөөсүн башка бирөөгө оодарууга өтүштү.
“Жакында эле маданият министри Камила Талиева Ош облусунун Кара-Суу районуна барганда жергиликтүү тургундарга "Жогорку Кеңеш каражат бербей жатат, депутаттар каражат бөлсө, силердин Маданият үйүңөрдү оңдотуп бермекпиз" дейт. Мен муну өз кулагым менен уктум. Депутаттар качан акча бөлчү эле, акчаны өкмөт бөлөт, аны бекитип гана беребиз. Министр муну билбейби? Жаманатты кылуунун да чеги болот да”,- дейт Султанов.