Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрүн билдирди.
“Жогорку Кеңеш бул сессияда жакшы иштеди. Бирок кечиктирилбестен карала турган бир катар орчундуу маселелер турат. Ошондон улам 30-июнда кезексиз жыйын чакырып, аларды бүткөрүп кетишибиз керек",- деди төрага.
Ошондой эле ал акыркы жумушчу күнүндө парламент сессиясын расмий жабуу аземи да өткөрүлө турганын кошумчалады.
Айта кетсек, ЖКнын депутаттары 1-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууда болушат.