Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы жарандардын эркин жүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун конституциялык укуктарын коргоо, жеке жана мамлекеттик менчикти коргоону күчөтүү максатында иштелип чыккан.
“Концепцияга ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолдорун мыйзамсыз тоскондугу, ошондой эле олуттуу зыян келтиргендиги үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү сунуш кылынат. Андан тышкары мыйзам долбоору менен кесепеттердин оордугуна жараша эгерде бул жосун 24 сааттан ашык улантылса, стратегиялык маанидеги автомобиль жолун мыйзамсыз тоскондугу үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленет”,- дейт депутат Майрамбек Расулов.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.