Асылбек Жээнбеков Орусиядагы кыргыз мигранттарын Ярославль облусундагы "Кыргызстан" чарбасына иштөөгө чакырды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Орусиянын Ярославль облусунда жайгашкан “Кыргызстан” совхозунда түзүлгөн абалга токтолду. Айтымында, бул чарбада мигранттар үчүн иш орундары бар. “Азыр Орусия аймагында жүз миңдеген эмгек мигранттары жүрөт. Өкмөт ошол адамдарды топтоп, чарба ишине тартуу чараларын көрүшү керек. Алар биздин жарандарды чакырып жатышат. Миңдеген гектар айдоо жерлери каралбай калыптыр. Биздин жарандар көчө шыпырып жүргөнчө ошол чарбаларга барып иштешсе, бутуна туруп кетишмек”,- дейт төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан